Орто айыл аймагында 901 кожолукта 5132 тургун катталган. Санарип тутумуна 728 кожолук киргизилип, 80,1 % аткарылды. Ал эми калкты санарипке киргизүү 76,2% аткарылды, б.а. 3913 тургун катталды. Санарип тутумуна жарандардын толугу менен катталуусу боюнча айыл башчылар тарабынан үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Орто айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмү боюнча 13 бирдик бекитилген. Азыркы убакта 4 муниципалдык кызмат орду: ФЭБ башчысы, чыгашалар боюнча жетектөөчү адис, жер маселелери боюнча жетектөөчү адис жана статист адиси ваканттык болуп саналат. 2022-жылдын 13-декабрында кадрлар резервине киргизүүгө конкурс жарыяланып, 8 жаран катышууга документтерин тапшырышты. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынан тесттен 2023-жылдын 18-январында 3 жаран өтүп келишип, айыл өкмөтүнүн ички кадрлар резервине киргизилди. 2023-жылдын 23-январында ФЭБ башчысы, чыгашалар боюнча жетектөөчу адис жана статист адиси кызмат ордуларына дайындоолор жүргүзүлдү.
- Жергиликтүү салык түрлөрү боюнча 2022-жылдын жыйынтыгы
№ | салыктын түрлөрү | план | аткарылышы | % аткарылды |
1 | Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 48,5 | 675,1 | 1392 % |
2 | Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы | 55,0 | 149,9 | 272,5 % |
3 | Короо жай салыгы | 55,0
|
75,2 | 136,7 % |
4 | Автоунаа салыгы | 380,0 | 431,0 | 113,4 % |
5 | Подоходный салыгы боюнча | 2700,0 | 3564,9 | 132 % |
- Панфилов райондук өнүктүрүү фонду аркылуу жалпысынан 3млн 210,0 миң сомго долбоорлор ишке ашырылды. Алар: Кум-Арык айылындагы Е.Кожомкулов орто мектебинин айлана-тегереги 999,0 миң сомго курчалды. Тельман айылындагы К.Жумагулов орто мектебине парталар 823,0 мин сомго алынып берилди жана спортзалы 1млн 184,0 миң сомго толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле ирригация тармагына да Тельман айылынын арыктарын тазалоого 204,0 мин сом бөлүнүп, толугу менен аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылануучу Дем берүүчү грантка Е.Кожомкулов орто мектебинин I жана II кабаттарын толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 8млн 213,0 миң сомго 2 долбоор өткөн. Айыл өкмөтү тарабынан салым 2млн 261,0 миң сомду түздү. Бүгүнкү күнгө бул долбоор боюнча иштер аткарылып бүттү.
АРИС проектиси аркылуу Кум-Арык айылына 50 орундуу бала бакча курулуп бүтүп ишке берилди. Курулушка кеткен акча каражаты 23,0млн сомду түздү.
“Ассанабиль” коомдук фонду тарабынан Тельман айылына5,0 млн сомго мечит жана ҮДТ имараты, Кум-Арык айылына 3,5 млн сомго ҮДТ имараты курулуп бүтүп, ишке берилди.
Ал эми жергиликтүү бюджеттен Тельман айылын көчөлөрүн жарыктандырууга 649,6 миң сом, Букара айылынын көчөлөрүнө таш төгүүгө 110,0миң сом, Букара айылындагы китепкананы оңдоп-түзөөгө 162,9 миң сом, О.Текеева орто мектебинин көмүрканасын чатырын жабууга 287,0 миң сом, мектептерди көмүр менен камсыз кылууга 1 млн 500,0 миң сом, каналдарды тазалоого 1млн 375,1 миң сом жана Е.Кожомкулов орто мектебинин жылытуу тармагынын сыркы түтүктөрүн алмаштырууга 115,6 миң сом, айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоп-түзөөгө, сырткы даараткана курууга жана айланасын тосууга 692,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Жалпысынан 2022-жылдын ичинде Орто айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртууга 47 млн 341,2 миң сомго иштер аткарылды.
Башчы: Момуналиев Р.Ж.
2022-жыл 10-айдын ичинде Орто айыл өкмөтүнүн аймагында аткарылган иштери. Презентация