ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
VIII-чакырылыш Кезексиз сессия
14.09.2021жыл Тельман айылы
ТОКТОМ № 10 / VIII – 1
Жеке ишкер Чалакеева Толкунгул Турсунбековнанын катын кароо
Жеке ишкер Чалакеева Т.Т. 2021-жылдын 26-августундагы “Тельман-2 жер участогун пайдалануу укугун берүү боюнча” кайрылган катын Орто айылдык кеңешинин депутаттары талкууга алып, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 24-августундагы №6946 ТЕ Казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна Лицензиясынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы №49 “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Орто айылдык кеңеши
Токтом кылат:
- Жеке ишкер Чалакеева Т.Т. 2021-жылдын 26-августундагы “Тельман-2 жер участогун пайдалануу укугун берүү боюнча” кайрылган каты канааттандырылсын.
- Жеке ишкер Чалакеева Т.Тга Тельман-2 жер тилкесин 10 жылга пайдаланууга уруксат берилсин, 2021-жылга келишим түзүлсүн.
- Экономиканы көтөрүү боюнча жардам көрсөтүү талаптары, социалдык пакеттин суммасы бир жылга 240 000 (Эки жүз кырк миң) сом өлчөмүндө бекитилип, ай сайын 20 000 (Жыйырма миң) сомдон жергиликтүү бюджетке которулуп турсун.
- Экономиканы көтөрүү талаптары, социалдык пакет толугу менен аткарылсын жана жыл сайын келишим жаңыртылып түзүлсүн.
- Жеке ишкер Чалакеева Т.Тга коюлган талаптардын аткарылышы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.У.Арыковго жүктөлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышы бюджеттик комиссиянын төрайымы Кушбекова Г.Т. жана агрардык реформа боюнча комиссиясынын төрагасы Джумагулов А.К. тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы: К.Мырзагелдиев