ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
VIII-чакырылыш XII сессия
09.06.2023жыл Тельман айылы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ № 59 / VIII-XII – 1
“Алтын Жар” ЖЧКсынын катын кароо
Орто айыл аймагына тиешелүү “Токойлу” кени жайгашкан 14,9 га жерди “Алтын Жар” ЖЧКсынын “Убактылуу пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып, 2023-жылдын 25-февраль айында берилген №2697 АЕ «Казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” берилген Лицензиясына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Орто айылдык Кеӊеши
Токтом кылат:
- “Алтын Жар” ЖЧКсынын 2023-жылдын 04-апрелиндеги №04/04/23-2 “Убактылуу пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуу каты колдоого алынсын.
- “Алтын Жар” ЖЧКсына “Токойлу” кени жайгашкан территориядан алтын казып алуу боюнча иштерди аткаруу үчүн 14,9 га жер тилкеси 2025-жылдын 25-февралына чейин колдонууга макулдук берилсин.
- Экономиканы көтөрүү боюнча жардам көрсөтүү талаптары, социалдык пакеттин суммасы 1 500 000 (Бир миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- “Алтын Жар” ЖЧКсына коюлган талаптардын аткарылышы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Ж.Момуналиевге жүктөлсүн жана агрардык реформа боюнча комиссиясынын төрагасы Джумагулов А.К. тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы: К.Мырзагелдиев