ТОКТОМ № 48 / VIII – IX – 4

ТОКТОМ                                                                          ПОСТАНОВЛЕНИЕ

  VIII-чакырылыш                                                                               IX  сессия

   23.01.2023жыл                                                                                 Тельман айылы

 

ТОКТОМ № 48 / VIII – IX – 4

 

Орто айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2023-жылга бюджетин жана

мал башына тарифтерин бекитүү боюнча»       

Орто айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы  Кошалиев С. жана бухгалтер Гармашова Л.И. 2023 – жылга белгиленген иш-планын жана бюджетин  карап чыгып, 2009-жылдын 26-январындагы №30 Кыргыз Республикасынын ”Жайыт жөнүндө” мыйзамына ылайык Орто айылдык Кеӊеши

Токтом кылат:

  1. Орто айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2023-жылга сунушталган бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Орто айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2023-2027-жылдарга карата орто мөөнөттүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Жайыттарды колдонуу боюнча мал башына болгон тарифтер 2016-жылга көрсөтүлгөн боюнча калтырылсын (2016-жылдын 18-мартындагы №101/XXXXI-11. Орто айылдык кеӊешинин токтому):
    • 1) бодо, жылкы малдын башына – 50 сом
    • 2) кой-эчки башына – 10 сом.

             Сырттан келген малдын башына:

  • 3) бодо, жылкы малдын башына – 100 сом
  • 4) кой-эчки башына – 20 сом
  1. 10-15 майга чейин малдар сырткы жайытка чыкпаса, мал ээлерине административдик штраф салынсын.
  2. Айдоо жерлерине кирип кетсе бодо, жылкы мал башына – 500 сом, экинчи жолу кирсе – 800 сом, кой-эчки башына – 50 сом, экинчи жолу кирсе – 500 сом штраф өлчөмү бекитилсин.
  3. Жайыт пайдалануучулар жайыт акысын төлөөдө мал башын жашырса: бодо, жылкы башына – 100 сом, кой-эчки башына – 50 сом штраф өлчөмү бекитилсин.
  4. Жайыт комитетинин айлык акы тарифи: жайыт башчысына 10 000 (он миӊ) сом, бухгалтерине 9 000 (тогуз миӊ) сом айлык акылары калтырылсын
  5. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу Орто айылдык кеӊешинин бюджеттик комиссиянын төрайымы Кушбекова Г.Т. агрардык реформа боюнча комиссиянын төрагасы Джумагулов А.К. жүктөлсүн.

 

Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы:                               К.Мырзагелдиев

Leave a Reply