ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ № 59 / VIII-XII – 1

ТОКТОМ                                                                          ПОСТАНОВЛЕНИЕ

  VIII-чакырылыш                                                                               XII  сессия   

   09.06.2023жыл                                                                                 Тельман айылы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ № 59 / VIII-XII – 1

 

“Алтын Жар” ЖЧКсынын катын кароо

 

Орто айыл аймагына тиешелүү “Токойлу” кени жайгашкан 14,9 га жерди “Алтын Жар” ЖЧКсынын “Убактылуу пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып, 2023-жылдын 25-февраль айында берилген №2697 АЕ «Казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” берилген Лицензиясына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Орто айылдык Кеӊеши

 

Токтом кылат:

  1. “Алтын Жар” ЖЧКсынын 2023-жылдын 04-апрелиндеги №04/04/23-2 “Убактылуу пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуу каты колдоого алынсын.
  2. “Алтын Жар” ЖЧКсына “Токойлу” кени жайгашкан территориядан  алтын казып алуу боюнча иштерди аткаруу үчүн 14,9 га жер тилкеси 2025-жылдын 25-февралына чейин  колдонууга макулдук берилсин.
  3. Экономиканы көтөрүү боюнча жардам көрсөтүү талаптары, социалдык пакеттин суммасы 1 500 000 (Бир миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  4. “Алтын Жар” ЖЧКсына коюлган талаптардын аткарылышы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Ж.Момуналиевге жүктөлсүн жана агрардык реформа боюнча комиссиясынын төрагасы  Джумагулов А.К. тарабынан көзөмөлгө  алынсын.

 

 

 

Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы:                                  К.Мырзагелдиев

Leave a Reply